Баткен: Кызыл-Кыя шаарындагы “Кыргыз темир жолу” түштүк бөлүмүнүн Жарандык коргонуу абалы бааланды
БАТКЕН: КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРЫНДАГЫ “КЫРГЫЗ ТЕМИР ЖОЛУ” ТҮШТҮК БӨЛҮМҮНҮН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ БААЛАНДЫ
Жарандык коргонуунун 2023-жылга бекитилген мерчеминин негизинде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмүнүн Жарандык коргонуу абалы бааланды.
Алгач аталган мекеменин жетекчилик курамы жана кызматкерлеринин даярдыгы, ошондой эле билим деңгээли каралды. Ал эми Жарандык коргонуудагы күнүмдүк даярдыгы жана өзгөчө кырдаал учурунда иш алып баруусу, куткаруу жана кечиктирилгис чараларды көрүү, Жарандык коргонуу күчтөрүнүн аракеттерин камсыздоосу бааланып, ӨКМ кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.