Бишкектеги тилсиз жоо 800 чарчы метр аянтты кучагына алды

БИШКЕКТЕГИ ТИЛСИЗ ЖОО 800 ЧАРЧЫ МЕТР АЯНТТЫ КУЧАГЫНА АЛДЫ
Борбор калаанын Свердлов районуна караштуу 14-август түнү саат 00:30 чамасында өрт чыккан. Такталган маалыматка ылайык, Орозбеков көчөсүндө жайгашкан «Эски толчок» базарынын аймагында курулуш материалдарды саткан 3 дүкөн, пластик терезе чыгарган 2 цех, 1 кийим саткан дүкөн күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түздү.
Өрттү өчүрүүгө 1-Май райондук №8 ӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, жалпысынан 5 күжүрмөн эсеп жана штаб, ИИМден 2 экипаж жана РЭТтен 1 бригада тартылып, жеринде иш алып барууда.
Тартылган күч-каражаттардын жардамында өрт саат өрт саат 01:32де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүп, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.