Чет өлкөлүк тоо куткаруучуларынын машыгуусу Григорьевка капчыгайында өттү

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ТОО КУТКАРУУЧУЛАРЫНЫН МАШЫГУУСУ ГРИГОРЬЕВКА КАПЧЫГАЙЫНДА ӨТТҮ
Бүгүн, 15-августта Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна (ЭЖКУ) мүчө-өлкөлөрдүн тоо куткаруучулары Григорьевка капчыгайынын аска- тоолорунда тажрыйба алмашуу машыгуусу өттү.
Машыгуунун алкагында Григорьевка капчыгайындагы бийик тоолордо альпинизм жабдууларын колдонуу менен издөө-куткаруу иштери аткарылды.
Эл аралык окутууга жана тажрыйба алмашууга Россия, Иордания, Палестина, Алжир, Азербайжан, Мали жана башка чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.
Белгилей кетсек, бул ЭЖКУ колдоосу астында тогузунчу Эл аралык тоо-куткаруучуларынын машыгуусу 7-18-августуна чейин уланат. Буга чейин алардын машыгуусу Чүйдүн Ала-Арча, Чуңкурчак тоолорунда өткөрүлгөн.
Чет өлкөлүк машыктыруучулар тоо көлдөрүнүн бири — Көл-Төр көлүнө чыгып келишкен.