Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун суучул куткаруучулары 30 метр тереңдикке түшүүдө

ЭЛ АРАЛЫК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ УЮМУНУН СУУЧУЛ КУТКАРУУЧУЛАРЫ 30 МЕТР ТЕРЕҢДИККЕ ТҮШҮҮДӨ
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Мали, Монголия, Азербайжан, Алжир, Россия, Иордания, Палестина, Казахстан, Египет, Сауд Аравия жана Бахрейнден келген 18 суучул куткаруучулар өз ара тажрыйба алмашуу үчүн 30 метр тереңдикке түшүүдө.
Бул машыгууда сууга түшүү жабдууларын эффективдүү колдонуу, 30 метр тереңдикке чүмкуу боюнча тажрыйба алмашып, кесиптик деңгээлин жогорулатып жатышат.
Ал эми кыргыз суучул куткаруучулары суу астында жүрүү чеберчилигин мыкты деңгээлде көрсөтүп, чет өлкөдөн келген суучул куткаруучуларга суу алдындагы техникалык иштерди аткаруудагы ыкмалары менен бөлүштү.
Эскерте кетсек 7-18-күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уюштуруусу менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө – өлкөлөрдүн тоо куткаруучулары жана суучул куткаруучуларынын тажрыйба алмашуусу жүрүп жатат.