ӨКМ 6 айдын жыйынтыгын чыгарды

✅ӨКМ 6 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ
Калктын камкордугу жана коопсуздугу үчүн жасалган иштердин негизгилери менен таанышыңыз.
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2023-жылдын 6 айында аткарылган иштин жыйынтыгын чыгарып, жетишкендиктер жана кемчиликтер ортого салынды. Ошол эле учурда алдыдагы жарым жылга коюлган министрликтин артыкчылыктуу багыттары боюнча сунуштар айтылды.
Коллегиялык отурумда министр Бообек Ажикеев башында турган ӨКМдин республика боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары катышты.
Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча:
▪️ Республиканын аймагында 23 өзгөчө кырдаал катталып, алардын кесепетинен 24 адам каза болуп, келтирилген материалдык чыгым 263 млн. 543 миң сомду түзгөн.
✅Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда өзгөчө кырдаалдардын саны 51%га, каза болгон адамдардын саны 88% аз болду, ошондой эле материалдык чыгым 31%га аз экени белгиленди.
▪️Республика боюнча катталган өрт кырсыктарынын статистикасын карасак, 2023-жылдын 6 айында 1662 өрт катталып, өрттүн кесепетинен 19 адам каза тапкан.
▪️ Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 9,5 % азайган. Келтирилген материалдык чыгым 718 млн 913 миң сомду түзүп, 3,2 эсеге көп болгон.
Республиканын аймагында сууга чөгүп каза болгон жарандардын саны боюнча статистикага карасак, 2023-жылдын 6 ай ичинде сууга 50 адам чөгүп каза болгон 26% көбөйгөн.
✅Биздин куткаруучулардын күжүрмөн аракеттеринин негизинде республика боюнча ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 132 адам өмүрү куткарылган. Куткаруучулар тарабынан жалпысынан 560 адамга жардам көрсөтүлгөн.
2023-жылдын 7-февралынан 20-февралына чейин Кыргызстандын куткаруучулар тобу Түркия Республикасынын Кахраманмараш жана Антакия шаарларында болгон катуу жер титирөөнүн натыйжасында адамдарды куткаруу жана каза болгондордун сөөгүн алып чыгуу боюнча эл аралык иш-чарага катышты. Куткаруу иштери күнү-түнү жүргүзүлүп, жалпысынан урандылардын астынан 8 адам тирүү, 198 адамдын сөөгү чыгарылган.
Кыргызгидрометтин аба ырайынын 1 күндүк болжолдоонун тактыгы 95%, 2-3 күндүк божомолу 93%, 4-5 күндүк аба ырайынын болжолдоосунун тактыгы 91%, 6-7күндүк аба ырайынын болжолдоосунун сапаты 87% түздү. Ал эми, шашылыш эскертүүлөрдүн болжолдоосу 100%ды бере алат.
✅2022-2023-жылдын кыш мезгилинде кар көчкү коркунучу бар аймактарга 14 изилдөө жүргүзүлүп, натыйжасында 5 жолу кар көчкүлөрдү атайлап атып түшүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти тарабынан жалпы 1042 изилдөө иштери жүргүзүлгөн.
“Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чаралары боюнча 2023-жылдагы болжолдуу планына жалпы 257 объекти каралып, 6 ай ичинде 145 объектиде жумуштар бүткөн.
Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында 5021 турак жай, 792 га айыл чарба жерлери сел, суу каптоо коркунучунан корголду.
✅Учурда Миң-Кушта «Талды-Булак» калдык сактоочу жайындагы зыяндуу калдыктарды «Дальнее» калдык сактоочу жайына көчүрүү жана «Как» калдык сактоочу жайында рекультивациялоо жумуштары бүткөрүлүүдө. Ушул жылдын 18-июль күнү «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын көчүрүү жумуштары тестирлөө режиминде башталды.
Экинчиси Майлуу-Суу шаарындагы уран өндүрүшүнөн калган калдыктар сакталган аянтчаларды рекультивациялоо» боюнча гранттык макулдашуу бекитилди.
✅ Жарандык коргонуу даярдык планына ылайык, мерчемделген иш-чаралар уюштурулуп, усулдук методикалык жардамдар көрсөтүлгөн. Бардыгы болуп 575 машыгуулар уюштурулган.
✅2023-жылы министрликтин техникалык потенциалы бир кыйла жогорулап, жалпы 192 бирдик техника алынды. Ошондой эле
Кытай Элдик Республикасынан грант катары 100 өрт өчүрүүчү жана авариялык-куткаруучу техника, 38 атайын техникадан турган 2 мобилдик госпитал, Россия Федерациясынан 40 өрт өчүрүү техника жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен да бир нече техника алынды.
Жылдын соңуна чейин Россия Федерациясынан 1 МИ 8-МТВ тик учактын келүүсү мерчемделүүдө ошондой эле Түркия Республикасынан суучулдар үчүн 1 барокамера келүүсү күтүлүүдө.