ӨКМге жаңы кабыл алынган кызматкерлер атайын окуудан өтүшөт
ӨКМге ЖАҢЫ КАБЫЛ АЛЫНГАН КЫЗМАТКЕРЛЕР АТАЙЫН ОКУУДАН ӨТҮШӨТ
Өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн жана куткаруу кызматтарынын кызматкерлеринин кесиптик иш-аракети адам өмүрүн сактап калууга түздөн-түз байланыштуу.
Мына ошондуктан, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Э.Кулматовдун буйругуна ылайык, Өрт-куткаруу бөлүктөрүнө алгачкы кабыл алынган жана башка кызмат ордуна дайындалган кызматкерлер баштапкы даярдыктан өтөт.
Талапка ылайык, окутуу 2023-жылдын 14-августунан 26-августуна чейинки аралыкта Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын окуу бөлүмүндө уюштурулат. Эки жумалык баштапкы даярдоодон өтүү үчүн окуу усулдук сабактарына өрт куткаруу кызматынын техник айдоочулары катышууда.

