Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акындарга, композиторлорго сынак жарыялайт

ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ЖАРЫЯ! ШАШЫЛЫҢЫЗ! ЫР СЫНАКТА ЧЫГАРМАЛАР ЖАҢЫРСЫН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ АКЫНДАРГА, КОМПОЗИТОРЛОРГО СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Ырлардын текстти 3-4 куплеттен туруп, мекенчилдик, сактоо, коргоо, куткаруу сезимдерине үндөгөн текст (марш тибине мүнөздүү) жана заманбап стилдеги ритмдүү музыка жазылышы керек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин саптык ыры аскерлердин духун көтөрүүгө да багытталып, анын музыкасы кайраттуулугуна, энергиялуулугуна, заманбап стилдеги ритмдүүлүгүнө басым жасалат. Ошондой эле ӨКМдин саптык ыры жаштардан тарта бардык муундар жана ыр-музыка сүйүүчүлөр арасында ар кандай салтанаттарда музыкалык аспаптын коштоосу менен ырдалууга тийиш.
Композиторлор менен биргеликте иштелген чыгармаларды кабыл алуунун акыркы күнү 2023-жылдын 28-августту. Кабыл алуу иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.
Сынактын жеңүүчүлөрү – чыгармалардын авторлоруна (мыкты ырга, мыкты музыкага) 31-август – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнүнө карата акчалай сыйлык тапшырылат. Байге фонду каралган. Сурап-билүү үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылыңыздар.
Дареги: Бишкек шаары, Манас көчөсү 101/1.
Байланыш телефону: (0312) 32-38-12, 0552-88-69-66, 0701-72-15-47. Электрондук дарек: mchs-pressa@mail.ru.