Министр Бообек Ажикеевдин чет өлкөлүк суучулдар менен болгон жолугушуусунан фоторепортаж
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВДИН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК СУУЧУЛДАР МЕНЕН БОЛГОН ЖОЛУГУШУУСУНАН ФОТОРЕПОРТАЖ
Үстүбүздөгү жылдын 7-18-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уюштуруусу менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн куткаруу кызматтарынын өкүлдөрүнүн жана суучулдарынын тажрыйба алмашуусу жүрөт.
Аталган эл аралык иш-чарага Россия, Казакстан, Палестина, Иордания, Алжир, Азербайжан, Мади, Сауд Арабия, Монголия жана башка өлкөлөрдүн суучулдары, куткаруучулары катышууда.
Анын алкагында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ӨКМге караштуу Суучулдар борборунда ӨК министри Бообек Ажикеев чет өлкөлүк суучул-куткаруучулар менен жолугушту.










