Министр ЭЖКУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуусуна старт берди
МИНИСТР ЭЖКУ УЮМУНА МҮЧӨ ӨЛКӨЛӨРДҮН ӨКҮЛДӨРҮНҮН ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУСУНА СТАРТ БЕРДИ
Үстүбүздөгү жылдын 7-18-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уюштуруусу менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн куткаруу кызматтарынын өкүлдөрүнүн жана суучулдарынын тажрыйба алмашуусу өтөт.
Аталган эл аралык иш-чарага Россия, Казакстан, Палестина, Иордания, Алжир, Азербайжан, Мади, Сауд Арабия, Монголия жана башка өлкөлөрдүн суучулдары, куткаруучулары катышууда.
Анын алкагында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ӨКМге караштуу Суучулдар борборунда ӨК министри Бообек Ажикеев чет өлкөлүк суучул-куткаруучулар менен жолугушту.
Тажрыйба алмашууга келген суучулдарга ийгилик каалаган Бообек Ажикеев төмөнкүлөргө токтолуп өттү.
“Кыргызстандын эң кооз, керемет жери – дүйнө жүзүндөгү ири тоо көлдөрүнүн бири – Ысык-Көлгө келдиңиздер. Бул борбордо сиздер суунун тереңине түшүү боюнча теориялык жана практикалык сабактарды, ошондой эле суучулдук жабдууларды, коопсуздуктун көрсөтмөлөрүн колдонуу менен тажрыйба топтойсуздар. Мындан сырткары көл акваториясында издөө-куткаруу иштерин уюштуруу жана жүргүзүү, суу астындагы фото жана видео тартуу, жээктен жана кайыктан суу астында сүңгүп түшүү, объекттерди издөө жана калыбына келтирүү иштери аткарылат. Мындай ыкмаларга ээ болуу куткарууда абдан маанилүү”, – деди министр.
Анын айтымында, окуу башталганга чейин ар бир катышуучунун сууга түшүү даярдыгы жана квалификациясынын деңгээли каралат бирок, тренингдин соңуна чейин бардык катышуучулар деңгээлин жогорулатып, суу көндүмдөрүн өркүндөтө алышат.
“Ысык-Көл – деңиз деңгээлинен 1607 метр бийиктикте жайгашкандыктан, 30 метрге тереңдикке түшүү деңиздин 38 метр тереңдигине түшүүгө барабар. Андыктан, катышуучулар үчүн сууга түшүү физиологиясы жаатында кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүү жана бийик тоолуу шарттарда сууга түшүүнүн жаңы тажрыйбасын алуу абдан пайдалуу”, – деди Бообек Ажикеев.
Министр бардык катышуучуларды тренинг аянтчасын тажрыйба жана билим алмашуу үчүн пайдаланууга чакырып, окууну улантууга старт берди.




