Нарын: Оруп-жыюу мезгилинде өрт коопсуздугун сактоо нускамасы өттү

НАРЫН: ОРУП-ЖЫЮУ МЕЗГИЛИНДЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУН САКТОО НУСКАМАСЫ ӨТТҮ
Бүгүн, 15-августта Жумгал районунун аймагында оруп-жыюу мезгилинде өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында райондогу өрткө каршы бөлүктүн офицерлери дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Өткөрүлгөн иш-чарада өрт чыккан маалда коопсуздук эрежелери жана андан сактануу боюнча нускама сабактары өткөрүлдү.
Жогоруда айтылган эрежелердин негизинде өрт коопсуздугун сактоо жана ошондой эле алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү сунуштар берилди.