Нарын: Токойчулар менен биргеликте машыгуу өткөрүлдү
НАРЫН: ТОКОЙЧУЛАР МЕНЕН БИРГЕЛИКТЕ МАШЫГУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн, 17- августта Ат -Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү райондогу токой чарба кызматкерлери менен биргеликте өрт коопсуздугун камсыздоо, өрттүн алдын алуу машыгуу өттү.
Биргелешкен машыгуунун алкагында токойдо өрт кырсыгын болтурбоо, эс алуучулар жана жайлоодон түшкөн малчыларга эскертүү берүү, үгүт-насаат иштери каралды.
Машыгуунун алкагында токой чарбасыннын кызматкерлерине алгачкы өрт өчүрүүчү шаймандары менен каражаттарын колдонууну тажрыйба жүзүндө көрсөтүштү.
Мындан сырткары оруп-жыюу мезгилинде өрт коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүнү демилгелешти.