Ош: Өзгөндөгү туристтик базада атайын окутуу өткөрүлдү
ОШ: ӨЗГӨНДӨГҮ ТУРИСТТИК БАЗАДА АТАЙЫН ОКУТУУ ӨТКӨРҮЛДҮ
Кара-Кулжа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери Өзгөн районунун Саламалик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан туристтик базасында уюштурулган окутууга катышты. Улуттук Кызыл Ай коомунун «Гуманитардык жана саламаттыкты коргоо кризисинде жергиликтүү аракеттенүүнү күчөтүү» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн иш-чара Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун долбоорго кирген айыл өкүмөттөрүнүн командаларынын лидерлери үчүн өткөрүлдү.
ӨКМ кызматкерлери авариялык-куткаруу автоунаасы (АСМ), куткаруу шаймандары менен тааныштырып, алардын иштөө тартиби жана багыты боюнча түшүндүрмө берүү менен бирге практикада көрсөтүп беришти.