Ошто Эгемендүүлүк күнүнө карата өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чаралары өттү

ОШТО ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ӨТТҮ
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгын, мамлекеттик саясий ишмер Н.Исановдун 80 жылдыгына белгилөө алдында өрт коопсуздугунун алдын алуу иш-чаралары өттү.
Ош шаарында майрамдык салтанат өтүлүүчү, эл көп топтолуучу жайларда өрт кырсыктарынын алдын алуу максатында, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйруктарын, мэриянын протоколдук тапшырмаларынын негизинде ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын офицерлери өрт коопсуздугун сактоо эрежелери жөнүндө үгүт-насаат иштери жүргүзүшүүдө.
ӨКМчилер жеринде нускамаларды өтүп, алгачкы өрт өчүрүү жабдыктарын колдонууну тажрыйба жүзүндө көрсөтүп, үйрөтүп жатышат. Ошондой эле өрт коопсуздук эрежелери тууралуу баракчалар таркатылды.
0