Талас: Айтматов районунун Жарандык коргонуу абалы бааланды

ТАЛАС: АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ БААЛАНДЫ
Талас облусунун 2023-жылга карата даярдык планына ылайык 15-16-август күндөрү Айтматов районунун Жарандык коргонуу тутумуна жалпы баалоо жүргүзүлдү.
ЖКнын абалын баалоонун негизги максаты
— Талас облусунун Айтматов районунун Жарандык коргонуу абалын баалоону жүргүзүү, согуш жана тынчтык мезгилде өзгөчө кырдаал учурунда Жарандык коргонуу иш-чараларынын уюштурулуусун жана иш-мерчемдерин текшерүү, жетекчилик курамын Жарандык коргонууга даярдоо.
Аталган иш-чарада Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун талаптарынын аткарылышын жана күч-каражаттардын даярдыгын текшерүү, жетекчилик курамды маалымдоону иш жүзүндө аткаруусу текшерилди.
Баалоонун жыйынтыгында орун алган кемчиликтерди жоюу эскертилди.