Ысык-Көл: “Каприз” пансионатында Жарандык коргонуу абалы текшерилди

ЫСЫК-КӨЛ: “КАПРИЗ” ПАНСИОНАТЫНДА ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ.
Бүгүн ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын офицерлеринен турган адистердин тобу, облустук Жарандык коргонуунун 2023-жылга карата даярдык планынын негизинде “Каприз” эс алуу борборунда баалоо жүргүздү.
Аталган борбордун өзгөчө кырдаалдар учурунда жарандарды эвакуациялоо жолдорунун абалы жана ага карата кызматкерлердин даярдыгы, өрт өчүрүүчү аспаптардын ишке жарактыгы текшерилди
Мындан тышкары коопсуздук эрежелерин сактоо жана сууга түшүү маалындагы суу коопсуздугун көзөмөлдөө, биринчи жардам көрсөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзулүп, комиссия тарабынан тиешелүү сунуштамалар берилди.